Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин
II-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын
2025-жылдын 11-июльдагы №1
«Ак-Жо айыл ааймагынын балансында турган атайын техникаларды өткөрүп берүү жөнүндө»
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
токтом кылат:
1. Айыл өкмөттүн балансында турган техникаларды Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн балансында турган атайын техникаларды айыл өкмөттүн алдындагы “Малкалды” муниципиалдык ишканага иш аткарууга өткөрүлүп берилсин.
2.Атайын техникаларды короо, көзөмөлдөө жана оң абалда иштетүү жагы “Малкалды” муниципиалдык ишкананын директору Чоноров Нурсултанга милдеттендирилсин.
3.Бул токтомдун мыйзамдуу аткарылышын көзөмөлгө алуу Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы айыл-чарба иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Б. Керимкуловго жүктөлсүн.
4.Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестирине киргизүү жагы Ак-Жол айыл аймактык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Төрага : Т.Султамуратов