Загрузка документа…
КАРА-СУУ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын 14-майындагы №6/1
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин кээ бир беренелердеги бөлүштүрүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн бекитилген бюджетинен муктаждыкка байланыштуу тиешелүү беренесине акча каражатын жылдырып берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Расахан уулунун өтүнүчүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.. Кара-Мойнок бала бакчасына 30 000 (отуз миң) сом, Орток бала бакчасына 33 000 (отуз үч миң) сом, Кызыл-Дөбө спорт машыктыруу залына 100 000 (жүз миң) сом, жашылдандыруу долбоорго 50 (элүү миң) сом, Кара-Суу айыл аймагында жумушсуздарды жумуш менен камсыз кылуу максатында 70 000 (жетимиш миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү акча каражаттарын максатка ылайык чыгымдоо жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчи А.Расахан уулуна милдеттендирилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын тиешелүү статьяларга койдуруу жагы КР финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А. Молдогазиев |