Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин
II-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын
2025-жылдын 11-июльдагы №4
«Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын
1-январына карата атайын каражаттарда
калган калдык акча каражаттарын
бөлүштүрүү жөнүндө»
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин жана Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Сейитбеков Табышалынын билдирүүсүн угуп жана талкуулап айылдык кеңешинин II чакырылышынын кезектеги VI сессиясы
токтом кылат:
1.2025-жылдын 1-январына карата калган 390,9 (үч жүз токсон миң тогуз жүз) сом акча каражаты төмөндөгүдөй чыгымдалсын.
2.70111-Башкаруу аппаратына:
2215 (башка тейлөө кызматтарын алууга) -80,5( сексен миң беш жүз) сом
70911- Мектепке чейинки билим берүүгө
2222 (учурдагы чарбалык максаттар үчүн сатып алуулар)- 200,0 (эки жүз миң) сом
2218 (тамак аш азыктарын сатып алууг) – 110,4 (бир жүз он миң төрт жүз) сом
Жалпысы: 390,9 (үч жүз токсон миң тогуз жүз) сом
3. Бул каражатты мыйзам чегинде иштетүү жагы Ак-Жол айыл өкмөтүнун Социалдык жана Экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичко милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Т.Сейитбековго жүктөлсүн.
5.Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин.
Төрага: Т.Султамуратов