Загрузка документа…
2025-жылдын 14-майындагы №6/6
Кара-Суу айыл аймагынында муниципалдык ишкана тарабынан кызмат көрсөтүүлөрдүн тарифин бекитүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын муниципалдык ишканасынын башчысы М.Торункаевдин билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Айыл тургундары колдонгон ичүүчү таза сууга, жан башына 35 (отуз беш) сом деп бекитилсин.
2. Таза суу өтүүчү негизги тутумдан (суу линиясы), жеке үйгө суу түтүгүн туташтырууга уруксаат чечими 1000 (миң) сом деп бекитилсин.
3. Кара-Суу айыл аймагынында элге кызмат көрсөткөн мончолорго таза суунун тарифи 10 (он) м 2 аянтка чейинки мончолор 500 (беш жүз) сом, 10 (он) м 2 аянттан ашкан мончолор 1000 (бир миң) сом деп бекитилсин.
4. Күнүмдүк таштанды чыгаруу бир түтүнгө айына 50 (элүү) сом деп бекитилсин.
5. Бекитилген тарифтин негизинде иш алып баруу жагы Кара-Суу айыл
аймагынын муниципалдык ишканасынын башчысы М.Торункаевге милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |