Загрузка документа…
2025-жылдын 14-майындагы №6/7
Кара-Суу айыл аймагында “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасына
жер бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагында “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынажер бөлүп берүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Мантыш жана Орток айылдарынан “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынын аймактык бөлүмдөрүн куруумаксатында, муниципалдык менчиктен жогорудагы айылдардан 4 (төрт) сотыхдан жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Бөлүнүп берилген жерге “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасынын
аймактык бөлүмдөрүн куруп берүү жагы, “Кыргыз Почтасы” мамлекеттик ишканасына сунушталсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |