Загрузка документа…
2025-жылдын 14-майындагы №6/8
Кара-Суу айыл аймагында энелер күнү майрамын өткөрүү максатында иш чара уюштурууга акча каражат бөлүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагында энелер күнү майрамын өткөрүү максатында иш чара уюштурууга акча каражат бөлүпберүү боюнча, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңешинин социалдык маселелер, саламаттыкты сактоо, билим берүү, маданият, спорт туризм боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Д. Калчаеванын өтүнүчүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагында энелер күнү майрамын өткөрүү максатында иш чара уюштурууга 30 000 (отуз миң) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Тиешелүү акча каражаттарын максатка ылайык бөлүп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчи А.Расахан уулуна милдеттендирилсин.
3. Жогоруда көрсөтүлгөн акча каражаттарын тиешелүү статьяларга койдуруу жагы КР финансы министрлигинин Кочкор башкармалыгынан суралсын.
Төрага | А. Молдогазиев |