Загрузка документа…
2025-жылдын 9-июлундагы №7/1
Кызыл-Дөбө айылындагы, Кызыл-Дөбө орто мектебинин атын өзгөртүү жөнүндө.
Кызыл-Дөбө орто мектебинин директору Г.Керимбекованын кайрылуусунун негизинде, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу ЖОБОнун” 4-пунктуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кызыл-Дөбө айылындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин жалпы жамаатынын кайрылуусунун негизинде, Кызыл-Дөбө айылындагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин аталышы, “Осмонаалы Сыдык уулу атындагы, Кызыл-Дөбө жалпы билим берүү мектеби” деп өзгөртүлсүн.
2. Каттоодон өткөрүү, тиешелүү иш кагаздарын мыйзамдаштыруу жагы Кызыл-Дөбө орто мектебинин директору Ж.Нурланбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |