Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин
II-чакырылышынын кезектеги VI-сессиясынын
2025-жылдын 11-июльдагы №6
«Ак-Жол айыл өкмөтүнүн 2025-жылга социалдык объектилерди жылытуучу көмүрдүн көлөмүн азайтуу жөнүндө»
Ак-Жол айыл өкмөтүнүн Социалдык жана Экономика бөлүмүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу Курманалиев Азамат Жакыпбековичтин Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 08.04.2025-жылдагы №02-2/5б буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмүн азайтуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Ак-Жол айыл аймактык кеңешинин
II чакырылышынын кезексиз VI сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Эсептөө палатасынын Ош шаары, Ош, Жалал-Абад жана Баткен областтары боюнча аймактык бөлүмүнүн 08.04.2025-жылдагы №02-2/5б буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен социалдык объектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 83,7 тонна, 530,7 миң сом ашыкча калдык калгандыктан, 2025-жылдын бюджетинен керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнөн 83,7 тонна көмүр же 530,7 миң сом акча каражаты кыскартылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Тасмабек уулу Болотбекке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ак-Жол айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, соода жана байланыш иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
1.
Төрага: Т.Султамуратов