Загрузка документа…
2025-жылдын 9-июлундагы №7/4
Комсомол айылынын таза суу скважинасын жана таза суу резервуарын курууга, сугат суу чыгаруу үчүн скважина курууга
жер бөлүп берүү жөнүндө
Комсомол айылынын айыл башчысы А.Туларбек уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Комсомол айылынын жашоочуларын ичүүчү таза суу менен камсыз кылуу
максатында, таза суу скважинасын жана таза суу резервуарын курууга 1 га жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
2. Комсомол айылынын жашоочуларын сугат суу менен камсыз кылуу
максатында, сугат суу скважинасын курууга тиешелүү жерлерден 2 жана 4 сотых жер тилкеси бөлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |