Загрузка документа…
2025-жылдын 9-июлундагы №7/6
Ак-Талаа айылындагы “Байчечекей Кара-Суу” бала бакчасына керектүү материалдарды алуу боюнча долбоорго акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Ак-Талаа айылындагы “Байчечекей Кара-Суу” бала бакчасына керектүү материалдарды алуу боюнча “Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө, өздүк салым үчүн акча каражатын бөлүп берүү боюнча, “Байчечекей Кара-Суу” бала бакчасынын башчысы Д.Муратбек кызынын сунушун угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Ак-Талаа айылындагы “Байчечекей Кара-Суу” бала бакчасына керектүү материалдарды алуу боюнча “Кочкор райондук” өнүктүрүү фондуна долбоор өткөрүүдө өздүк салым үчүн төлөнө турган 60 000 (алтымыш миң) сом акча каражаты Кара-Суу айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинин эсебинен бөлүнүп берилсин.
2. Акча каражатын которуп берүү жагы айыл өкмөтүнүн башкы эсепчиси А.Расахан уулуна тапшырылсын.
3. Бул токтомду жетекчиликке алып аткаруу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |