Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 2
Кара-Суу шаарынын 2026-жылга бюджетин бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексин жетекчиликке алып, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаарынын 2025-жылга бюджетинин кирешеси 590 262 900 сомго бекитилген, анын ичинен такталганы 482 896 500 сом, аткарылганы 506 883 700 сом.
2.Кара-Суу шаарынын 2026-жылга бюджети кирешелер жана чыгашалар боюнча 640 338 600 сомго бекитилсин.
3.Кара-Суу шаарынын 2026-жылга карата бюджетинин киреше бөлүгү тиркемелерде көрсөтүлгөн булактар боюнча түшүүлөрдүн эсебинен түзүлө тургандыгы аныкталсын.
4.2026-жылга карата чыгашаларды каржылоодо биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (айлык акы, Кыргыз Республикасынын Социалдык фондусуна төлөмдөр, тамактандыруу, калкка социалдык жардам боюнча жөлөкпул) чыгашаларды каржылоо жүргүзүлөт.
1)Чыгашалардын корголгон беренелери бюджеттик мекемелердин штаттык санындагы бош кызмат орундарына жана ченемдик укуктук акттыларды кабыл алууга байланыштуу азайтылышы мүмкүн.
2)Бюджеттик каражаттардын чыгымдалышы жана чыгашалардын беренелерин максаттуу пайдаланышы үчүн жоопкерчилик шаар мэрине, бюджеттик мекмелердин жана муниципалдык ишканалардын жетекчилерине жүктөлөт.
5.Ар кандай салыктар жана жыйымдар, жерди жана мүлктү ижаралоо үчүн төлөмдөр, түшкөн салыктык жана салыктык эмес түшүүлөр 100% шаардык бюджетте калат. Шаар мэриясына жана бюджеттик мекеме жетекчилерине атайын каражаттарды казыналык системадан сырткары пайдалануусу тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартип бузулган учурда атайын каражаттардын 100% шаардык бюджеттин кирешесине алынып коюулары эскертилсин.
6.Тармактар боюнча чыгымдар төмөнкүдөй бекитилсин:
Башкаруу тармагынын чыгымдары;
7.Мэриянын аппарат кызматынын чыгымдары, эмгек акы 11 967 781 сом, социалдык фондго төлөмдөрү 1 589 594 сом, кызматтык баруулар 1 000 000 сом, байланыш кызматтардын төлөмдөрү 600 000 сом, кызматтык унааларды оңдоо 600 000 сом, күйүүчү, майлоочу материалдар сатып алуу 761 300 сом, кеңсе, чарба буюмдарды сатып алуу 800 000 сом, башка чыгымдарды сатып алуу 2 500 000 сом, союз МСУ төлөмдөрү 116 000 сом, Жылуулук энергиясы үчүн акы төлөм 1 000 000 сом, сот чыгымдарына 1 200 000 сом, резервдик фонд чыгымдары 6 178 400 сом, жабдуу сатып алуу 1 560 000 сом, жалпы 29 873 075 сом ажыратылсын.
8.Шаардык кеңештин эмгек акысына 2 029 426 сом, социалдык фонд төлөмдөрү 260 745 сом, кызматтык баруулар чыгымдары 400 000 сом, жалпы 2 690 171 сом ажыратылсын.
9.Балдар үйүнө, кызматтарды сатып алуу 26 700 сом, тамак аш сатып алуу 883 300 сом, кеңсе, чарбалык буюмдарды сатып алуу 30 000 сом, көмүр сатып алуу 60 000 сом, жалпы 1 000 000 сом ажыратылсын.
10.Мектептерге, байланыш кызматтарынын төлөмдөрү 1 000 000 сом, СЭС кызматына 280 000 сом, компьютер, принтер оңдоо кызматтары 360 000 сом, көмүр сатып алуу 5 160 800 сом, жылуулук төлөмдөрү 3 500 000 сом, суу төлөмдөр 3 500 000 сом, видео камера сатып алуу 300 000 сом, парта сатып алуу 1 000 000 сом, күз кышка даярдык, керектүү буюмдарды сатып алуу иштерине 4 000 000 сом, Коңурат Калмуразаев мектебине интерактивный доска сатып алуу 200 000 сом, №134 мектепге стол, стул сатып алуу 395 000 сом, Ленин мектебинин жаңы имаратына материалдык техникалык базасын чыңдоо үчүн 1 500 000 сом, Х.Турсунов мектебине стол, стул сатып алуу үчүн 271 000 сом жалпы 21 466 800 сом ажыратылсын.
11.Бала бакчаларга, ижара төлөмдөрү 1 680 000 сом, СЭС төлөмдөрү 260 000 сом, компьютер, принтер кызматтары 130 000 сом, көмүр сатып алуу 4 290 000 сом, суу төлөмдөр 3 500 000 сом, кеңсе, чарбалык, сантехникалык, электр буюмдарын сатып алуу 4 000 000 сом, күз кышка даярдык, керектүү буюмдарды сатып алуу иштерине 3 000 000 сом, жалпы 16 860 000 сом ажыратылсын.
12.Ата энелер тарабынан төлөнүүчү тамак аш үчүн атайын каражаттар 22 500 000 сом
13.Маданият иш чараларга, даталуу күндөр жана башка майрамдарга 3 500 000 сом, спорттук иш чараларга 2 000 000 сом жалпы 5 500 000 сом ажыратылсын.
14.Китепкананын чыгымдары. эмгек акы 533 200 сом, соц фонд төлөмдөрү 92 000 сом, башка кызматтарды сатып алуу 90 000 сом, кеңсе, чарба буюмдарды сатып алуу иштерине 85 000 сом, жалпы 800 200 сом ажыратылсын.
15.С.Бекмуратова атындагы маданият үйүнүн чыгымдары, эмгек акы 578 600 сом, соц фонд төлөмдөрү 99 800 сом, башка кызматтарды сатып алуу 1 061 685 сом, кеңсе, чарба буюмдарын сатып алуу иштерине 594 854 сом, жалпы 2 334 939 сом ажыратылсын.
16.Жеңилдиктер үчүн 6 000 000 сом ажыратылсын.
17.ЖКХ бөлүмүнө, эмгек маяна айыл башчылар, кварталдык комитеттин төрага, төрайымдарына эмгек акы 6 549 000 сом, соц фонд төлөмдөрү 1 048 076 сом, ижара акы төлөмдөр 800 000 сом, Таза-Сууга жылдык %ти кредиттик төлөм 10 100 000 сом, СЭС көп кабаттуу турак үйлөрдү дезинфекциялоо 100 000 сом, шаар аймагына 7-очаг залалдандыруу иштерине 120 000 сом, чек ара тосууга 100 000 сом, ОПЦ мат жардам 50 000 сом, мал санак үчүн 300 000 сом, жолбун иттерди атуу 300 000 сом, аз камсыз болгон үй бүлөөлөргө көмүр сатып алуу 1 600 000 сом, ФАБ, мекеме ишканаларга суу төлөмдөрүнө 1 500 000 сом, яма убеккари үчүн гидрохлорид сатып алуу иштерине 70 000 сом, муниципалдык мекемелерден таштанды чыгаруу кызматтарына 9 000 000 сом, Тазалык ишканасына субсидия 6 000 000 сом, Таза-Суу ишканасына 5 150 000 сом, Жашылдандыруу ишканасына 5 000 000 сом, Лабо, желмаян сатып алууга 2 250 000 сом, ММБДне портер сатып алуу 1 250 000 сом, Тазалык ишканасына 2 даана портер сатып алуу 2 500 000 сом, боз үй сатып алуу 1 200 000 сом, лизинге техника сатып алуу үчүн баштапкы төлөм 5 000 000 сом, шаар мэрине кызматтык унаа сатып алуу 2 500 000 сом, Жылуулук ишканасына субсидия 6 000 000 сом, Кара-Суу шаарына коопсуз шаар үчүн камера сатып алуу жана орнотуу иштерине 1 000 000 сом, ар түрдүү чыгымдарга 97 838 600 сом, жалпысынан 167 325 676 сом ажыратылсын.
18.Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментине жалпысанан 349 159 329 сом бөлүнүп, чыгымдары эмгек акы 11 297 993 сом, соц фонд төлөмдөрү 1 948 903 сом, кызматтык унаа жана техникаларды оңдоо 500 000 сом, күйүүчү майлар жана материалдарды сатып алуу 500 000 сом, түңкү жарыткычтар жана электр шаймандарды сатып алуу 1 000 000 сом, кеңсе жана чарба буюмдарды сатып алуу 500 000 сом, принтер 4 даана сатып алуу 100 000 сом, көмүр сатып алуу 100 000 сом, шаар архитектурасына 10 000 000 сом, компьтерлерди оңдоо иштерине 100 000 сом, баннер жасатуу 100 000 сом, майрамдык иш чараларга 300 000 сом, автордук көзөмөл 500 000 сом, Мамкурулуш ишканасына 500 000 сом, Кадастр ишканасына 1 000 000 сом, РЭТ ишканасына 100 000 сом, Кыргыз Мам Жер Долбоор ишканасына 200 000 сом, техникалык көзөмөл адисин сатып алуу 600 000 сом, Телеком ишканасына 70 000 сом, Мамлекеттик камсыздандыруу ишканасына 600 000 сом, светофорлорду оңдоо кызматы 600 000 сом, мыйзамсыз курулуштарды бузуу иштерине 1 500 000 сом, ММБД 2025-жылдагы 21 146 791 сом өлчөмүндөгү кредитордук карызы 2026-жылдын бюджетинин эсебинен ажыратылып берилсин.
ММБДнин имараттар жана курулуштар беренесине каралган акча каражаттары төмөнкү иштерге каржылансын:
Башкы аянтка асфальт төшөө иштерине 15 000 000 сом
Мэриянын имаратын оңдоо иштерине 5 000 000 сом
Көп кабаттуу турак жайларды иретке келтирүү үчүн 30 000 000 сом
ЖБИ ишканасын куруу 22 600 000 сом
Муниципалдык унаалар үчүн сервис ишканасын ачуу 2 000 000 сом
Ош-Кара-Суу негизги жолду иретке келтирүү 2 500 000 сом
Тигүүчү цех ишканасын ачуу 5 000 000 сом
Электр унааларын заряддоо үчүн станция куруу 5 000 000 сом
Бассейин (ден соолукту чыңдоо борборун) куруу 5 000 000 сом
Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багын өнүктүрүү үчүн 10 000 000 сом
Чек арага жол ачуу, шагыл төгүү иштерине 2 000 000 сом
Чек арадагы латокторду жылдыруу, куруу иштерине 1 500 000 сом
Шагыл сатып алуу 1 500 000 сом
Трансформатор сатып алуу 1 200 000 сом
Ленин көчөдөн Раджапов көчөсүнө жол ачуу (Бакыт үйү) 1 000 000 сом
Газпром балдардын ден соолугун чыңдоо борборун оңдо1 800 000 сом
Айыл чарба багытындагы арык, каналдарды тазалоо 2 000 000сом
Балдар ооруканасынын кире беришин асфальттоо 1 500 000 сом
Столба сатып алуу иштерине 1 000 000 сом
Мектеп көчөсүнө латок коюу иштерине 1 000 000 сом
Ак Өргө №2 көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 6 204 971 сом
Тельман Боронбаев көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 5 000 000 сом
Хлоп. Заводская көчөсүнө газ тартуу иштерине 300 000 сом
Нариман көчөсүнө (уландысы) асфальт төшөө 2 500 000 сом
Б.Сыдыков көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 2 250 000 сом
Киров А.Айткулов көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 3 000 000 сом
Бакиев көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 3 100 000 сом
Хакимов көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 4 000 000 сом
Я.Усманов көчөсунө асфальт төшөө иштерине 8 000 000 сом
Крылова көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 9 000 000 сом
Кеңеш көчөсү Мел.комбинатга чейин асфальт төшөө 2 000 000 сом
Хлоп.Заводкая көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 3 000 000 сом
Нурахунов көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 4 000 000 сом
Кеңеш, Гагарин, Жалал-Абад көчөсүнө асфальт төшөө 2 000 000 сом
Ак Өргө №14 көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 6 952 377 сом
Телман 2 №13 көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 7 000 000 сом
Ак Өргө латок орнотуу иштерине 6 000 000 сом
Киров Майыков (мектеп) көчөсүнө асфальт төшөө 5 000 000 сом
Эркин айылы асфальт төшөө иштерине 20 000 000 сом
Коңурат Арыкбаев көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 4 912 839 сом
Тельман Т.Исмаилов көчөсүнө асфальт төшөө иштери 6 000 000 сом
Советская көчөсүнө асфальт төшөө 2 284 204 сом
Киров Абдуллаев (мектеп) көчөсүнө асфальт төшөө 8 000 000 сом
Киров Турдубаев көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 7 211 130 сом
Д.Чотонов көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 4 000 000 сом
Терешкова көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 1 500 000 сом
Кара-Суу көчөсүнө 800 000 сом
Тельман Жээнбеков көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 5 000 000 сом
Коңурат айылына суу кампа куруу 2-этап 2 275 121 сом
Киров Ж.Токтоназаров көчөсүнө асфальт төшөө 5 000 000 сом
Эркин айылы таза суу чыгаруу иштерине 5 000 000 сом
Тельман Ө.Саипов көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 4 000 000 сом
Манас мектебине ашкана куруу иштерине 1 000 000 сом
Тельман ФАПтын ажатканасын оңдоп түзөө иштерине 200 000 сом
Присавай айылына суу кампа куруу 2-этап 2 300 000 сом
Манас мектебине ажаткана куруу иштерине 2 500 000 сом
Коңурат суу түтүктөрүн оңдоо, тартуу иштерине 2 000 000 сом
Рахимов мектебинин чуркоо аянтчасын асфальттоо 3 000 000 сом
Киров айылы Ак Дил бала бакчасына беседка куруу үчүн 500 000 сом
Коңурат Бал-Береке балдар бакчасынын тосмосун ондоо 200 000 сом
Миялы жол тегиздөө иштерине 1 000 000 сом
Присавай шагыл төгүү, жол тегиздөө иштерине 1 000 000 сом
Коңурат А.Тешебаев көчөсү (түндүк) латок орнотуу 2 500 000 сом
№134 мектеп оңдоп түзөө иштерине 505 000 сом
Коңурат Калмуразаев мектеп актовый зал куруу иштерине 800 000 сом
Киров ФАПтын ажатканасын оңдоп түзөө иштерине 300 000 сом
Тельман Абдраимов көчөсүнө асфальт төшөө иштерине 3 000 000 сом
Ак Өргө газ орнотуу иштерине 2 000 000 сом
Коңурат Калмуразаев мектеп спорт аянтчасын оңдоо 500 000 сом
Киров айылы Рахманалиев мектебин оңдоп түзөө 700 000 сом
19.Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин 2025-жылы кылынган курулуштарга кошумча иштери үчүн жана кылынган иштер үчүн 14 828 410 сом акча каражаты төмөнкү иштерге бөлүнсүн.
Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багына 2 030 104 сом
Киров айылы Ж.Аматов көчөсүнө 2 666 960 сом
Киров айылы Ж.Аматов көчөсүгө 6 057 998 сом
Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багындагы күрөшкана 750 000 сом
Эркин айылы Баймуратов көчөсүнө 616 362 сом
Присавай айылындагы жабык спорт фудбол аянчасы үчүн 724 127 сом
Эркин айылындагы суу насос үчүн 922 859 сом
Нурахунов көчөсүн көрктөндүрүү үчүн 1 060 000 сом
20.Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментине жайыт иштери боюнча башкы адис, материалдык эсепчи жетектөөчү адис, айдоочу, жалпысынан 3 штаттык бирдик кошуу менен бекитилсин.
21.Кыргыз Республикасынын 2022-жылдын 1-августу ПЖ №266 Президентинин Жарлыгына ылайык Кара-Суу шаар мэриясынын иш кагаздар жүргүзүүчү адисине, шаардык кеңештин иш кагаздарды жүргүзүүчү адисине жана Кара-Суу шаар мэриясынын алдындагы муниципалдык менчикти башкаруу департаментинин аппарат кызматкерлеринин эмгек маянасына тамак ашына жана жол акы үчүн каралган 7 000 сом (тиркемеге ылайык) кошуу менен бекитилсин.
22.Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2024-жылдын 7-февралы №52 токтомуна ылайык шаардык кеңешке катчы иш кагаздарын жүргүзүүчү адис штаты бекитилсин.
23.Алты айдын жыйынтыгы менен үнөмдөлгөн акча каражатынан төмөнкү иштерге ажыратылсын.
ММБДне айыл чарба багытындагы жер аянттарындагы арык, каналдарды казуу иштерине 1 000 000 сом.
ММБДне Тельман айылындагы Берекем балдар бакчасына беседка жана актовый зал куруу үчүн 1 000 000 сом.
24.Кара-Суу райондук казыналык эсеп счетундагы 2025-жылдын эсебинен калган калдык төмөнкү иштерге жумшалсын:
Мектептерге атайын каражаттар беренесинде сатып алуу үчүн 1 000 000 сом
Балдар бакчаларга атайын каражаттар беренесинде сатып алуу 1 389 200 сом
Аппарат атайын каражаттар беренесине 269 000 сом
2025-жылдын калдык акча каражаттар ар түрдүү беренесине 416 000 сом
25.Кара-Суу шаар мэриясы 2026-жыл ичинде жергиликтүү бюджетти аткарууда төмөндөгүлөрдү киргизүүгө укуктуу:
- эгерде бул шаардын жергиликтүү бюджетинин киреше бөлүгүн азайтууга алып келбесе, ушул токтомдо бекитилген суммалардын чектеринде ушул токтомдун тиркемесин өзгөртүүлөргө
- керектүү учурларда бюджеттин чыгашалар бөлүгүнө киргизилген өзгөрүүлөргө байланыштуу акча каражатын шаардык кеңеште каралганга чейин шаардык кеңешинин экономика, бюжет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясынын макулдугу менен иштетүүгө
- кирешелердин болжолдонгон кирешелеринин ашыкча түшүүлөрүнүн эсебинен шаардын жергиликтүү бюджеттин чыгаша бөлүгүн көбөйтүүнү карап чыгууга
- тиешелүү органдар тарабынан кабыл алынган ченемдик акттыларды кабыл алуудан келип чыгуучу жергиликтүү өз алдынча башкаруунун бюджети менен Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинен өз ара эсептешүүлөрүнө тактоолорду киргизүүгө
26.Ушул токтом 2026-жылдын 1-январынан колдонууга киргизилсин.
27.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
28.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
29.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.