Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 7-сессиясы
2025-жылдын 9-июлундагы №7/7
Кара-Суу айыл аймагында зоналдык коэффицентти бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин «Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффицент» мыйзамынын 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Карбозовдун, экономика бөлүмүнүн башчысы А.Расахан уулунун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. «Калктуу конуштун жерлери жана айыл чарба багытындагы эмес жерлер үчүн зоналдык коэффицент» мыйзамынын 404-беренесинин 4-пунктуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагында зоналдык коэффицент Кз-1,5 деп белгиленсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А. Карбозовго тапшырылсын.
Төрага | А. Молдогазиев |