Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 4
Токтомго өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Кара-Суу шаар мэриясынын 2026-жылдын 21-январь №01-13/140 сандуу катынын, шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясын 2026-жылдын 23-январь №3 протоколунун негизинде карап жана талкуулап чыгып, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаардык кеңещинин 2025-жылдын 28-апрель №7/3 сандуу токтомундагы Ж.Бөкөнбаев атындагы эс алуу багына түзүлгөн муниципалдык ишкана Кара-Суу шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасы болуп түзүлсүн.
2.Кара-Суу шаарынын көрктөндүрүү жана жашылдандыруу муниципалдык ишканасынын штаттык бирдиги тиркемеге ылайык бекитилсин.
3.Муниципалдык ишкананын Жобосу, Уставы, тиешелүү иш кагаздары даярдоо жагы шаар мэриясына жүктөлсүн.
3.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |