Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 5
№49 Э.Тельман атындагы билим берүү мекемесиндеги жаңы курулган имаратын Э.Тельман бала бакчасы филиалын ачууга макулдук берүү жөнүндө
Исирова Зейнеп Абдиллаевнанын 2026-жылдын 29-январындагы шаардык кеңешинин кезектеги сессиясындагы ооз эки сунушунун негизинде карап жана талкуулап чыгып, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.№49 Э.Тельман атындагы билим берүү мекемесиндеги жаңы курулган имаратын Э.Тельман бала бакчасы филиалын ачууга макулдук берилсин.
2.Тельман айылында жайгашкан №49 Э.Тельман атындагы билим берүү мекемесиндеги жаңы курулган имаратын Э.Тельман мектепке чейинки билим берүү филиалы ачылып жаткан 8 тайпанын штаттык бирдигин республикалык бюджеттен каржылоо маселеси Кара-Суу райондук билим берүү бөлүмүнөн суралсын.
3.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө шаардык кеңешинин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |