Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 6
Мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тамак ашка болгон төлөмү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 “Билим берүү” жөнүндөгү мыйзамынын 28-беренесинин негизинде 2026-жылдын 29-январында шаардык кеңешинин кезектеги сессиясында шаар мэриясынын ФЭБ башчысынын ооз эки сунушунун угуп жана талкуулап Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.2026-жылдын 1-январынан тартып Кара-Суу шаар аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарынын тамак ашка болгон төлөмү ата-энелер тарабынан 75 сомдон бекитилсин.
2.Кара-Суу шаар мэриясына мектепке чейинки билим берүү мекемелеринин жетекчилери менен биргеликте токтомдун аткарылышын камсыздоо тапшырылсын.
3.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
4.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
5.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө шаардык кенештин экономика, бюджет, инвестиция тартуу жана ишкердүүлүк боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |