Загрузка документа…
КАРА - СУУ ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН (ТОГУЗУНЧУ ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН) КЕЗЕКТЕГИ XIV СЕССИЯСЫНЫН
ТОКТОМУ
2026-жылдын 29-январы № 7
Кара-Суу шаардык кеңештин 10.07.2025-жылдагы №8/4 сандуу токтомуна толуктоо киргизүү жөнүндө
Кара-Суу шаардык кеңеши Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын географиялык аталыштар жөнүндөгү” Мыйзамынын негизинде шаардык кеңештин 2025-жылдын 10-июлунда чыккан №8/4 сандуу токтомун “Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү мамлекеттик администрациясы жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-39-беренелеринин негизинде карап жана талкуулап чыгып, Кара-Суу шаардык кеңеши токтом кылат:
1.Кара-Суу шаардык кеңештин 2025-жылдын 10-июлунда чыккан №8/4 сандуу токтомундагы “Жоошбаев Бактыбек” деген сөз “Жоошбаев Кадырбек” деген сөзгө алмашылсын.
2.Бул токтом шаар мэриясынын расмий веб-сайтында жарыялансын.
3.Ушул токтом Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын Мамлекеттик реестрине киргизилген күндөн тартып күчүнө кирет.
4.Токтомдун аткарылышы көзөмөлдөө Кара-Суу шаардык кеңешинин кыймылсыз мүлккө укуктарды каттоо, курулуш, турак жай, жер маселелери жана жаратылышты коргоо боюнча туруктуу комиссиясынын жүктөлсүн.
Кара-Суу шаардык кеңешинин төрагасы |
Ж.Полотов |