Загрузка документа…
2025-жылдын 18-июлундагы №8/1
Кара-Мойнок айылындагы кичи футбол аянтчасына ат коюуу жөнүндө.
Кара-Мойнок айылынын тургундарынын кайрылуусунун негизинде, КР Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген “Мамлекеттик маанидеги объекттерге ат берүү жана атын өзгөртүү тартиби тууралуу ЖОБОнун” 4-пунктуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Мойнок айылынын элдик чогулушунун чечимине ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын Кара-Мойнок айылындагы кичи футбол аянтчасына Кыргыз Республикасынын “Айыл чарбасынын эмгек сиңирген кызматкери” наамынын ээси Акынбаев Чалыбек Ариповитин ысымы ыйгарылсын.
2. Каттоодон өткөрүү, тиешелүү иш кагаздарын мыйзамдаштыруу жагы Кара-Мойнок айылынын айыл башчысы К.Жумакуновго милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |