Редакцияот 03.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин

II-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын

 

  2025-жылдын  03-февралы №1

 

«Ак-Жол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы

Тасмабек уулу Болотбектин жыл ичинде

жүргүзгөн иши жөнүндө жылдык отчету»

 

                    

Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги III сессиясынын күн тартибиндеги биринчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин жыл ичинде жүргүзгөн иши боюнча жылдык отчету жөнундө айыл өкмөт башчысы Тасмабек уулу Болотбектин билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги III сессиясы

    

токтом кылат:

 

1. Ак-Жол айыл аймагынын айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Тасмабек уулу Болотбектин жыл ичинде айыл өкмөтүнүн социалдык-экономикалык өнүгүү программасынын аткарылышы боюнча жүргүзгөн жүргүзгөн иши канааттандырарлык деп белгиленсин.

2.Кабыл алынган социалдык-экономикалык өнүгүү планынын аткарылышы боюнча жүрүп жаткан жумуштарды жана берилип жаткан тендерлер боюнча тыкыр көзөмөлгө алуу жагы жүктөлсүн.

 

 

Төрага : Т. Султамуратов