Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 21-апрели № 01-7/29
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык, Сокулук айылынын Белинский көчөсүндө №1246 контурунда жайгашкан Л.М.Мустафаевге таандык жеке менчик, жалпы аянты 9870,36 чарчы метр, идентификациялык код-7-08-12-1001-2638 жер тилкесинин максаттык багытын “айыл чарба багытынан” “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика коргоо жана башка багытына” өзгөртүүгө жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө сериясы Ч №1277139 мамлекеттик актысынын негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сокулук айылынын Белинский көчөсүндө №1246 контурунда жайгашкан Л.М.Мустафаевге таандык жеке менчик, жалпы аянты 9870,36 чарчы метр идентификациялык код-7-08-12-1001-2638 жер тилкесинин максаттуу пайдалануу багытын “айыл чарба багытынан” “өнөр жай, транспорт, байланыш, энергетика коргоо жана башка багытына” өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Сарбагышовага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |