Загрузка документа…
САРЫ-ӨЗӨН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2025-жыл 21-апрели № 01-7/31
Жер тилкесинин максаттык багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык, Жакынкы Арал айылы Картанбаева көчөсү №122а дарегиндеги А.Джусупбековдун арызынын негизинде аянты 8007,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын "күнөскана алдындагы жер тилкесинен" "машина короо алдындагы жер тилкесине" өзгөртүү боюнча жер участогуна жеке менчик укугу жөнүндө сериясы Ч №896627 мамлекеттик актысынын негизинде Сары-Өзөн айылдык кеңешинин кезектеги сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жакынкы Арал айылынын Картанбаева көчөсү №122а дарегинин жашоочусу А.Джусупбековго таандык аянты 8007,0 чарчы метр жер тилкесинин максаттык багытын “күнөскана алдындагы жер тилкесинен" "машина короо алдындагы жер тилкесине" өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Сары-Өзөн айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Бектемиров ушул токтомдун негизинде буйрук чыгарсын.
3. Бул токтом каттоого алынып, Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу айылдык кеңештин жер маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы Н.Сарбагышовага жүктөлсүн.
Төраганын орун басары | С.Б.Бекмырзаев |