Редакцияот 03.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин

II-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын

 

  2025-жылдын  03-февралы №5

 

«Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2025-жылга бюджетин бекитуу жөнүндө.»

                     

Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги III сессиясынын күн тартибиндеги бешинчи маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн алдындагы Жайыт Комитетинин жылдык отчету. 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышын кароо жана 2025-жылга бюджетин бекитуу жөнүндө

Жайыт комитетинин башчысы Абдыжылдыз Абдрамановдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II - чакырылышынын кезектеги III сессиясы

                                                        токтом кылат:

 

1.Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнун алдындагы Жайыт Комитетинин төрагасынын жыл ичинде аткарган иштери боюнча жасаган отчету канааттандырарлык деп табылсын.

2.Жайыт комитетинин 2024-жылга карата бюджетинин аткарылышы кабыл алынсын

3. Жайыт комитетинин 2025-жылга карата бюджети бекитилсин.

4. 2025-жылга карата Ак-Жол айыл аймагындагы кара мал ,жылкы,эшектерге туяк пул топтоо 100 сомдон,жандыктарга 20 сомдон бекитилсин

5. Ак-Жол айыл аймагынын ушул токтому Ак-Жол айыл өкмөтүнун www.akjoI.eI.kg веб-сайтына жарыялансын.

 

Төрага : Т. Султамуратов