ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXIX чакыруунун 29 (кезексиз) сессиясы
2023-жылдын 15-августундагы № 25
Республикалык бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө
(жергиликтүү бюджеттин жоготууларынын ордун толтуруу) 2023-жылдын 1 жарым жылдыгы
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы Жарлыгына ылайык, Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер – 892,2 миң сом суммасында каражаттардын келип түшкөндүгүнө байланыштуу, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Алынган 892,2 миң сом суммасындагы максаттуу трансферттер төмөндөгүгө ылайык бөлүштүрүлсүн:
· 70629 Бөлүм - ЖКХ
· 2215-беренеге (Башка товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү сатып алуу) - 892,2 миң сом (Жакшыртуу үчүн).
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |