ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXIX чакыруунун 29-кезексиз сессиясы
2023-жылдын 12-сентябрындагы № 28
Жер тилкени айыл өкмөттүн балансына өткөрүү жана максаттуу багытын өзгөртүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 12-беренесине ылайык, ошондой эле Фрунзе айыл өкмөтүнүн жер комиссиясынын 2023-жылдын 6-сентябрындагы түзүлгөн протоколунун негизинде жана Комсомол айылынын Пионерская,№1 дарегинин жашоочусу – Н.В.Гененконун арызынын негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Комсомол айылынын Карасуйская 38в; 38ж; 38б. дарегинде жайгашкан жалпы аянты 1891,21 кв.м жер тилкеси Фрунзе айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүп берилсин.
2. Комсомол айылынын Карасуйская 38г; 38ж; 38е дарегинде жайгашкан максаттуу багытын «Имарат жана дүкөн »-дөн «Калктуу конуштардын жерлери»-не өзгөртүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.
Төрага |
| Ш.Ш. Исмаилов |