Редакцияот 12.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXIX чакыруунун 29-кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 12-сентябрындагы № 29

Фрунзе айыл аймагында турак жай куруу үчүн жер алууга кезекте турган тургундар жөнүндө

 

Фрунзе айылдык кеңешинин 2023-жылдын 12-сентябрындагы өткөн сессиянын №29 Протоколунун негизинде, Фрунзе айылдык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Трансформацияга кеткен 91 га жер участогунун тийиштүү документтери бүткөрүлгөндөн кийин, 2023-жылдын 12-сентябрына чейин Фрунзе айыл аймагында кезекте турган тургундарына, Административдик аймактык реформа жүргүзүлүп бириккенден кийин, мыйзамдуу түрдө бөлүнүп берилсин.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов