Редакцияот 14.09.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXIX чакыруунун 31 (кезексиз) сессиясы

 

2023-жылдын 14-сентябрындагы № 30

 

Республикалык бюджеттен акча каражаттарын бөлүү жөнүндө

(жергиликтүү бюджеттин жоготууларынын ордун толтуруу) 2023-жылдын 2-жарым жылдыгы

 

Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 6-декабрындагы Жарлыгына ылайык, Республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер – 1657,0 миң сом суммасында каражаттардын келип түшкөндүгүнө байланыштуу, Фрунзе айылдык кеңеши,

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Алынган 1657,0 миң сом суммасындагы максаттуу трансферттер төмөндөгүгө ылайык бөлүштүрүлсүн:

·         70629 Бөлүм - ЖКХ

·         2221-беренеге (мүлктү күнүмдүк оңдоо боюнча чыгымдар) - 1657,0 миң сом (Ички жолдорду оңдоп түзөөгө).

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

 

 

Төрага

 

Ш.Ш. Исмаилов