Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз 12-сессиясынын
2025-жылдын 27-ноябры №12/1
Жаңы-Алай айылынын тургундары тарабынан суралган мечитке кошумча жер берүү жөнүндө
Жаңы-Алай айылынын тургундарынын кайрылуусунун Жаңы-Алай айылдык кеңеши угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 28-беренесинин 10-пунктуна ылайык Жаңы-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай айылындагы мечитке кошумча 0,029 га жер түз берилсин.
2.Керектүү иш кагаздарын даярдоо жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго жана айыл чарба, жерге жайгаштыруу жана агрардык саясат, инвестиция тартуу ишкердүүлүк уюмдар менен иштөө боюнча туруктуу комиссияга милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмдө калтырамын.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |