Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясынын
2026-жылдын 30-январы №14/2
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджеттин 2024-2025жылга аткарылышы,2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү, 2027-2028-жылдарга болжолдуу долбоорун бекитүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап, Жаны-Алай айылдык Кеңешинин 8- чакырылышынын кезектеги 14-сессиясы токтом кылат:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2024-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 13860,3 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 5560,6 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар 1181,5 миң сом), теңдештирүүчү трансферт 6280,8 миң сом республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 805,9 миң сом,өткөн жылдан калган калдык 1213,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү 12841,3 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
2. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2025-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгү 14574,7 миң сомго, анын ичинен өздүк киреше 5479,4 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар 1451,8 миң сом), теңдештирүүчү трансферт 6843,4 миң сом, республикалык бюджеттен берилүүчү максаттуу трансферт 1232,9 миң сом,өткөн жылдан калган калдык 1019,0 миң сом жана чыгаша бөлүгү 14130,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. Жаны-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгү 13067,6 миң сомго, анын ичинен теңдештирүүчү трансферт 7156,7миң сомго, өздүк киреше -5910,9 миң сомго (анын ичинен атайын каражаттар 798,4 миң сом) бекитилсин.
4. 2027-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн долбоорунун планы 13814,6 миң сомго, анын ичинен: теңдештирүүчү трансферт 7156,7миң сом, өздүк киреше 6657,9 миң сом (анын ичинен атайын каражаттар – 798,4 миң сом), 2028-жылга жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн планы 14630,6 миң сомго анын ичинен: теңдештирүүчү трансферт 7156,7 миң сом, өздүк киреше 7473,9 миң сом (анын ичинен атайын каражаттар 798,4 миң сом) долбоорунун болжолу бекитилсин.
5. Жаңы-Алай айыл өкмөтүндө жайгашкан мектептерге жана мекемелерге бюджетте каралган акча каражаттарын туура жана максаттуу пайдалануу жагын камсыз кылуу, отчет иштерин өз убагында айыл өкмөттүн финансы бөлүмүнө тапшыруу жагы мекеме башчыларына жана чарбалык иштер боюнча директорлордун орун басарларына милдеттендирилсин.
6.Бюджетте каралган акча каражаттарын смета боюнча өз убагында мыйзамдуу жумшалышын камсыздоо жагы айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысына тапшырылсын.
7.Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовго милдеттендирилсин.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |