Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясынын
2026-жылдын 30-январы №14/3
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 446,6 миң сом калган калдык акча каражатын кредитордук карыздарга жана 2025 – жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө иштетүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджетинин өздүк кирешесинен 446,6миң сом калган калдык акча каражатын кредитордук карыздарга жана 2025-жылдын жергиликтүү бюджетинин сметасына кирбей калган төлөмдөргө иштетүү боюнча Жаны-Алай айылдык Кенешинин бюджет боюнча туруктуу комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаеванын жана айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Кеңешовдун билдирүүлөрүн угуп жана талкуулап, Жаны-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн 2026-жылдын 1-январына карата 2025-жылдан пайдаланылбай калган 446,6 миң сом(анын ичинен атайын каражаттар-76,9миң сом) калдык акча каражатын 2026-жылдын бюджетиннин киреше жана чыгаша бөлүгүнө кошумча киргизилсин.
2. 2025-жылдын башына калган жергиликтүү бюджеттен 367,7 миң сом, атайын каражаттан калган 76,9 миң сом жалпы 446,6 миң сом калдык бөлүмдөрдүн чыгаша беренелеринин планына тактоо киргизилип чыгымдалсын:
Бөлүм | Беренелердин аталышы | берене | Сумма |
Орто мектептер | Товарларды жана кызматтарды пайдалануу менен дагы башка кызмат көрсөтүү | 2215 | 367,7 |
Балдар бакчасы | Тамак-аш азыктарын алуу | 2218 | 76,9 |
|
| Бардыгы: | 446,6 |
3. Жергиликтүү бюджеттин 2026-жылдын 1-кварталы менен 446,6 миң сомду бөлүмдөрдүн статьяларынын планына өзгөртүү киргизип берүү жагы Кыргыз Республикасынын финансы министрлигинин Алай башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык Кеңештин бюджет жана социалдык - экономикалык өнүгүү боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн жана аткаруу жагы айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго, КЭБ башчысы А. Пармановго милдеттендирилсин.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |