Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясынын
2026-жылдын 30-январы №14/4
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган төлөмдөрдү бекитүү жөнүндө
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата - энелерден түшө турган взносун бекитүү жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап, Жаны-Алай айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Жаңы-Алай жана Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчилеринин сунушунун негизинде ата-энелер төлөмдөрү бир балага бир айга 1200 сомдон бекитилсин.
2.Жаңы-Алай балдар бакчасынын жетекчиси А. Каримбердиева, Жаңы-Арык балдар бакчасынын жетекчиси Ж.Пазиловага ата-энелерден топтолгон атайын каражатты өз убагында атайын каражат эсебине төгүү жана максаттуу жумшоо жагы милдеттендирилсин.
3.Өзгөртүү киргизилген акча каражатын мыйзамдуу, максаттуу жумшоо жана ушул токтомдун аткарылышын айыл өкмөт башчысы Д.Кеңешовго жана финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы А.Пармановго милдеттендирилсин.
4.Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл кеңештин бюджеттик комиссиясынын төрайымы Н.Арапбаевага милдеттендирилсин.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |