Загрузка документа…
ЖАҢЫ-АЛАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жаны-Алай айылдык Кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги 14-сессиясынын
2026-жылдын 30-январы №14/5
Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө таяныч пунктунун имаратын куруу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө
Алай районунун ички иштер бөлүмүнүн 2025-жылдын 27-ноябрындагы №25-13/6567 катынын негизинде, милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө таяныч пунктунун имаратын куруу максатында Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык жеринен Жер Кодексинин 24-беренесине жана Кыргыз Республикасынын 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомуна ылайык Жаңы-Алай айыл өкмөтү токтом кылат:
1. Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн милициянын аймактык тескөөчүлөрүнө таяныч пунктунун имаратын курууга Жаңы-Алай айыл өкмөтүнүн муниципалдык жеринен 0,04 га болгон жер аянты ажыратып берилсин
2. Тиешелүү документтерин тактап долбоорун чийип берүү жагы Алай райондук архитектура жана шаар куруу башкармалыгынан жана Кыргыз Республикасынын Министирлер Кабинетине караштуу жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин Алай филиалынан суралсын.
3 .Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу жер ресурстары, айыл чарба жана турак жай боюнча башкы адис Ж. Раманкуловага көзөмөлдөөнү өз көзөмөлүмө аламын.
Төрага : | Т.Ч.Таалайбеков |