Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 19-августундагы №8/5
«Кербен шаарынын Аксакалдар сотун юстициядан каттоодон
өткөрүүгө макулдук берүү жөнүндө»
Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 14-августдагы № 01-20/2188 сандуу катын ошондой эле 2024-жылдын 19-февралындагы №52 “Аксакалдар соту жөнүндө” мыйзамынын 3-беренесинин 3-пунктуна негиз Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025- жылдын 15-августдагы № 9 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезектеги секизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кербен шаарынын “Аксакалдар сотуна” юстициядан каттоодон өткөрүүгө макулдук берилсин.
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Баназаровго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |