Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 19-августундагы №8/6
«Кербен шаарынын Жаштардын өнүгүү планын 2025-2029-жылдарга карата бекитип берүү жөнүндө»
Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 7-августдагы № 01-20/2111 сандуу катында Кербен шаарынын жаштар саясатын аткаруу жана алардын өнүүгүү планы, жаштарды жана алардын коомчулуктагы ордун, жашоо турмушун жакшыртуу боюнча топтолгон тажрыйбаларына таянып иштелип чыкан өнүгүү планынын негизинде Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 15-августдагы № 9 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезектеги секизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кербен шаарынын мэриясынын социалдык экономикалык 5 (беш) жылдык өнүгүү планын өзгөртүү менен Жаштардын 2025-2029-жылдарга ѳнүгүү планын бекитип берүүгө макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Баназаровго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |