КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 19-августундагы №8/10
«Кербен шаарынын мэриясына караштуу Ак-Дѳбѳ аыйлында жайгашкан “Арча -бешик” бала бакчага кошумча 0,20 гектар жер тилкесин алмаштыруу жагы менен менчиктен алуу, Ак-Терек участкасынан 0,15 гектар жер тилкесин жана 200 000 мин сом бѳлүп берүү жѳнүндѳ»
Кербен шаарынын мэриясы 2025-жылдын 8-августундагы № 01-20/1789 сандуу катынын негизинде Кербен шаардык кеңешинин экономика, бюджет жана финансы маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 5-августдагы № 5 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кербен шаарынын мэриясына менчикте турган 0,20 гектар жер тилкесин алмаштуруу жагы менен алууга жана Ак-Терек участкасынан 0,15 гектар жер тилкесин бѳлүп берүүгѳ макулдук берилсин.
2. Кербен шаарынын мэриясынын жергиликтүү бюджетинен 200 000 ( эки жуз мин) сом акча каражаты бѳлүнүп берилсин.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин Кербен шаардык кеңешинин экономика, бюджет жана финансы маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |