Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
2025-жылдын 19-августундагы №8/11
«Кербен шаарынын аймагында жайгашкан коомдук тамактануу, базар, мейманкана, эс алуу жайлары жана башка туристтерге кызмат көрсөткөн субъектилер өзүнүн аймагында санитардык талаптарын сактоо жѳнүндѳ»
Кербен шаарынын мэриясы 2025-жылдын 19-августундагы № 01-20/2215 сандуу катынын негизинде Кербен шаардык кеңешинин өнөр жай, жол, транспорт, энергетика, курулуш, соода, спорт жана туризм маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 19-августдагы № 6 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезектеги сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кербен шаарынын аймагында жайгашкан коомдук тамактануу, базар, мейманкана, эс алуу жайлары жана башка туристтерге кызмат көрсөткөн субъектилер өзүнүн аймагында санитардык талаптарын сактоого макулдук берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул талаптарды аткарбаган субъеттер тууралуу маалымат тиешелүү органдарга билдрилсин жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык чара көрүлсүн.
3. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
5. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин өнөр жай, жол, транспорт, энергетика, курулуш, соода, спорт жана туризм туруктуу комиссиясынын төрагасы А.Ѳтѳмбаевге жүктөлсү
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |
| Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышыны 2025-жылдын 19-августдагы № 8/11 токтому менен бекитилген Тиркеме |
Кербен шаарындагы ишке субъекттер үчүн санитарлык талаптар
I. Жалпы түшүндүрмө
1. Ар бир коомдук жай (кафе, дүкөн, базар, мейманкан, пансионат жана башкалар) төмөнкү шарттарды камсыздашы керек;
- Иштеп туурган, таза, санитардык нормаларга ыйлайк даараткан болуш керек;
- Дааратканага эркин кирүүгө шарт түзүлүшү керек (жумуш убактысында);
- Гигиеналык каражаттар: суу, самын, кагаз болушу зарыл: \
- Даараткана күнүгө жок дегенде 2 (эки) жолу тазаланышы шарт;
- Тазалыкка жооптуу кызматкер дайындалышы керек.
2. Бул талаптарды аткарбаган субъекттер тууралуу маалымат тиешелүү органдарга берилет.
3. Саркынды сууларды чыгаруу талаптары:
- Ар даараткананын саркынды суусу септикке же канализациялык тазалоо системасына туташтырылышы керек:
- Эгер борбордук канализация жок болсо, ишкер субъет өзүнүн тазалоочу түзмөгүн ( септик, биоочистка жана башка) курууга милдетүү;
- Суу айлануу системасы санитардык-экологиялык чеңемдерге жооп берүүгө тийиш;
- Саркындыны уруксатсыз жерге чыгарып, айлана-чөйрөнү булгаган субъекттерге карата чаралар көрүлөт.
Кербен шаардык кеңешинин жоопту катчысы:
|
Ж.Омуралиев |