Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 3-сентябрындагы №9/1
«Аксы аймагындагы шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо үчүн талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жѳнүндѳ»
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 19-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык, участкалык шайлоо комиссиясы беш жылдык мөөнөткө саясий партиялардын өкүлдөрүнүн экиден биринин жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун өкүлчүлүктүү органдарынын өкүлдөрүнүн экиден биринин курамында түзүлөт деп эсептелинет, ушул Мыйзамга негиз Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 28-августундагы № 01-20/2310 сандуу катын ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 10 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Аксы аймагындагы шайлоо комиссияларынын резервин толуктоо үчүн талапкерлердин тизмесин бекитип берүү жѳнүндѳ тизмеси бекитилип берилсин (тиркеме тиркелет).
2. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Баназаровго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |