Загрузка документа…
КЕРБЕН ШААРДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Кербен шаардык кеңешинин IX чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
2025-жылдын 3-сентябрындагы №9/2
« Кербен шаар аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00гө чейин иштөөсү боюнча чектөө киргизүү жөнүндө»
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы № 27-19633 тапшырмасын аткаруу максатында Кербен шаар аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00гө чейин иштөөсүнө чектөө киргизип берүү боюнча Кербен шаарынын мэриясынын 2025-жылдын 26-августундагы №01-20/2288 катын ошондой эле Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын 2025-жылдын 29-августундагы № 10 токтомун карап жана талкуулап Кербен шаардык Кенешинин IX чакырылышынын кезексиз тогузунчу сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин 2025-жылдын 14-августундагы №27-19633 тапшырмасын аткаруу максатында шаар аймагындагы салтанаттарды өткөрүүнү жана кафе-ресторандардын 22:00гө чейин иштөөсү боюнча чектөө киргизүүгө макулдук берилсин.
2. Кербен шаарынын мэриясы Аксы районунун ички иштер бөлүмү менен биргеликте кафе-ресторандардын ээлерине түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алсын.
3. Кыргыз Республикасынын 2024-жылдын 6-декабрындагы №194 “Тынчтык жѳнүндѳ” мыйзамында жана Кыргыз Республикасынын “Бузуулар жөнүндө” кодексинде каралган беренелерин бузса кафе-ресторандардын ээлери жоопкерчиликке тартылып аларга айып пул салынсын.
4. Бул токтом мамлекеттик реестрге киргизүү жана каттоо үчүн Жалал-Абад областтык юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
5. Токтом «www.kerben.aksy.kg» веб-сайтында жарыялангандан кийин күчүнө кирет.
6. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Кербен шаардык кеңешинин мыйзамдуулук, регламент, этика, социалдык, маданий, билим берүү жана саламаттыкты сактоо маселери боюнча туруктуу комиссиясынын төрагасы З.Баназаровго жүктөлсүн.
Кербен шаардык кеӊешинин төрагасы: | А.Базарбаев |