Кочкор районунун Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин VIII-чакырылышынын кезексиз 9-сессиясы
2025-жылдын 11-августу №9/2
Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Ак-Талаа айылынын “Байчечекей Кара-Суу”, Кара-Мойнок айылынын Кубатбеков Мисирбек атындагы, Дөң-Алыш айылынын Сапарбек Эсеналиев атындагы бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу, тайпаларды өзгөртүү жөнүндө
Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Ак-Талаа айылынын “Байчечекей Кара-Суу”, Кара-Мойнок айылынын Кубатбеков Мисирбек атындагы, Дөң-Алыш айылынын Сапарбек Эсеналиев атындагы бала бакчаларда кошумча тайпа ачуу, тайпаларды өзгөртүү боюнча Кара-Суу айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы А.Карбозовдун билдирүүсүн угуп жана талкуулап Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Ак-Талаа айылынын “Байчечекей Кара-Суу”, Кара-Мойнок айылынын Кубатбеков Мисирбек атындагы, Дөң-Алыш айылынын Сапарбек Эсеналиев атындагы бала бакчаларына кошумча тайпа ачууга, тайпаларды өзгөртүүгөКара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши тарабынан макулдук берилсин.
2. Кара-Суу айыл аймагынын Кызыл-Дөбө айылынын “Ырыс-Шаар”, Ак-Талаа айылынын “Байчечекей Кара-Суу”, Кара-Мойнок айылынын Кубатбеков Мисирбек атындагы, Дөң-Алыш айылынын Сапарбек Эсеналиев атындагы бала бакчаларына кошумча тайпа ачуу, тайпаларды өзгөртүү боюнча иш чараларды аткаруу жагы, аталган бала бакчалардын башчыларына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |