Редакцияот 06.12.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXIX чакыруунун 32-кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 6-декабрындагы № 40

Айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерге которуу жөнүндө

Сокулук райондук жер участкаларын которуу боюнча комиссиянын 2023-жылдын 30-июнундагы Фрунзе айыл аймагындагы №323, 332, 333 жана 334 контурларында жайгашкан 7-08-20-1001-1667 идентификация коду менен жалпы аянты 0,42 га түзгөн айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерге которуп, техникалык тейлөө станциясын жана кеңсе бөлүмдөрү менен дүкөн жайгаштыруу жөнүндөгү корутундусуна ылайык, Фрунзе айылдык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. С.А. Ирисбаевдин жеке менчиктеги Фрунзе айыл аймагынын Фрунзе айылындагы №323, 332, 333 жана 334 контурларында жайгашкан жалпы аянты 0,42 га техникалык тейлөө станциясын жана кеңсе бөлүмдөрү менен дүкөн жайгаштыруу үчүн айыл чарба багытындагы жер участогун өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерге которуп берүүгө макулдук берилсин.

2. Фрунзе айыл өкмөтү Сокулук райондук мамлекеттик администрациясына жерге жайгаштыруу көктөмөсүн мындан ары чечим кабыл алуу үчүн жөнөтсүн.

3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов