Загрузка документа…
2025-жылдын 11-августу №9/3
Кара-Суу айыл аймагынын тургундарына “Айылдын ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 37-беренесинин 8-пунктуна, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңешинин “Айылдын ардактуу атуулу” наамына талапкерлерге коюлуучу талаптарды жана наамды ыйгаруу тартиптери боюнча жобосуна ылайык, Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. “Айылдын ардактуу атуулу” наамы төмөндөгү атуулдарга ыйгарылсын.
2. “Айылдын ардактуу атуулу” наамын алган атуулдарга күбөлүк, төш белгилерин салтанаттуу түрдө тапшыруу, уюштуруу айылдык Кеңештин депутаттарына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Молдогазиев |