Загрузка документа…
2025-жылдын 15-октябры №10/1
Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 Жарлыгынын негизинде,
IV Элдик Курултайга Кара-Суу айыл аймагынан делегаттарды шайлоону уюштуруп, өткөрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 Жарлыгын аткаруу максатында Кара-Суу айыл аймагынын айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Президентинин кезектеги IV Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндө 2025-жылдын 22-сентябрындагы № 270 Жарлыгы жетекчиликке жана аткарууга алынсын.
1. Кара-Суу айыл аймагынын калкынын саны 11261 адам болгондуктан жергиликтүү
курултайдын делегаттарынын жалпы саны 80 деп бекитилсин.
2. Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоону уюштуруп, өткөрүүгө жумушчу
тобунун курамы №1 тиркемеге ылайык бекитилсин.
3. Жергиликтүү курултайга делегаттар Кара-Суу айыл аймагындагы Комсомол, Дөң-
Алыш, Кара-Мойнок, Кызыл-Дөбө, Мантыш, Ак-Талаа жана Орток айылдарынан калкынын санына жараша гендердик балансты сактоо (30 % кем эмес бир жыныстын өкүлдөрү делегаттардын санынын 70 пайызынан ашпоого тийиш) менен пропорционалдуу шайлансын. (№2 тиркеме).
4. Кара-Суу айыл аймагында жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча
тургундардын жыйындарын өткөрүү бекитилген графикке ылайык белгиленсин (№3 тиркеме).
5. Элдик курултайдын делегатын шайлоо боюнча жергиликтүү курултайды өткөрүү
бекитилген графикке ылайык белгиленсин ( №4 тиркеме).
6. Ар бир айылдан шайланган жергиликтүү кеңештин депутаттарына, айыл
башчыларына жана жумушчу топко Жергиликтүү курултайдын делегаттарын шайлоо боюнча жыйындарды жана чогулуштарды өткөрүү, уюштуруу жагы милдеттендирилсин.
7. Жергиликтүү курултайды уюштурууда керек болгон материалдык-техникалык
камсыздоо боюнча Кара-Суу айыл өкмөтүнүн башчысы А.Карбозовго милдеттендирилсин.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү өзүмө калтырамын.