Редакцияот 03.02.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

                                                                                                         

Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин

II-чакырылышынын кезектеги III-сессиясынын

 

  2025-жылдын  03-февралы №11/2

 

       «Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул”

наамын ыйгаруу жөнүндө»

                     

 

Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги III сессиясынын күн тартибиндеги 11|2 маселеси Ак-Жол айыл аймагынын “Ардактуу атуул”

наамын ыйгаруу жөнүндө Билим берүү, социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча туруктуу комиссиянын төрайымы Бостонова Гүлнаранын

билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II - чакырылышынын кезектеги III сессиясы

токтом кылат:

 

1.Ак-Жол айыл аймагынын Жолборсту айылынын тургуну Толубаев Акматалынын келечек муундарын тарбиялоодо көп жылдык сиңирген эмгегин баалоо менен Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуул” наамы ыйгарылсын.

2. Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин ушул токтому, Ак-Жол айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн www.akjol.el.kg расмий веб-сайтына жарыялансын.

 

 

 

 

 

Төрага : Т. Султамуратов