Редакция
Салыштыруу
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН ЖОГОРКУ КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2026-жылдын 29-январы № 119-VIII

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеӊеши менен

Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин

ортосунда Кызматташтык боюнча парламенттер аралык

Кеӊештин кыргыз тарабынын курамын түзүү жөнүндө

 

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII токтомунун редакциясына ылайык)

 

Кыргыз Республикасы менен Казакстан Республикасынын ортосундагы достук жана стратегиялык өнөктөштүк мамилелерин андан ары өнүктүрүүгө, ошондой эле парламенттик кызматташууну жана парламенттер аралык өз ара аракеттенүүнү чыӊдоого өз ара кызыкдар экендигин белгилеп, Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши токтом кылат:

 

1. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин жана Казакстан Республикасынын Парламентинин Мажилисинин ортосунда Кызматташуу боюнча парламенттер аралык Кеңештин кыргыз тарабынын курамы төмөнкүдөй депутаттардан түзүлсүн:

 

Маматалиев Марлен Абдырахманович – Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин Төрагасы, делегациянын башчысы;

Омурзаков Суйунбек Абдылдаевич;

Сейтказиева Эркеайым Алымовна;

Тайгараева Эдита Каныбековна;

Чолпонбай уулу Бекмырза;

Чомоев Бакыт Муратбекович.

(Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2026-жылдын 25-февралындагы № 206-VIII токтомунун редакциясына ылайык)

2. Парламенттер аралык Кеӊештин кыргыз тарабы Парламенттер аралык Кеӊештин иши тууралуу Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешине белгиленген тартипте маалымдап турсун.

 

3. Ушул токтом кабыл алынган күндөн тартып күчүнө кирет.

 

 

Төраганын

орун басары

 

К.Л. Ханджеза