ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXIX чакыруунун 22 (кезексиз) сессиясы
2023-жылдын 22-февралындагы № 4
«БЧК-Совхозный» СПАнын карызын кайтарып берүү боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу финансы-кредиттик фонду менен жарашуу келишимин түзүү жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары - М.А. Усеналиевдин «БЧК-Совхозный» СПАсынын кредиттик карызы боюнча Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу финансы-кредиттик фонду менен жарашуу келишимин түзүү зарылчылыгы жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулап, Фрунзе айылдык кеңеши,
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 4.969.314 (4 миллион тогуз жүз алтымыш тогуз миң үч жүз он төрт) сом карызды кайтарып берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу финансы-кредиттик фонду менен жарашуу келишимин түзүүгө макулдук берилсин, ошондой эле 2024 жылдан баштап 5 (беш) жылдык мөөнөткө төлөө графиги түзүлсүн.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы – Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |