ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
XXIX чакыруунун 23-(кезектүү) сессиясы
2023-жылдын 12-апрелиндеги № 8
«Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү» мекемесин кайра каттоо жөнүндө
Фрунзе айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ч.Т. Бердикулованын «Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү» мекемесин кайра каттоо жөнүндө жана «Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү мекемесинин» Уставын бекитүү жөнүндө маалыматын угуп жана талкуулагандан кийин, Фрунзе айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү» мекемесинин Уставы жаңы редакцияда бекитилсин.
2. «Чүй облусунун Сокулук районундагы Фрунзе айыл аймагынын Фрунзе айыл өкмөтү» мекемесинин Уставы мамлекеттик кайра каттоодон өткөрүү үчүн Чүй-Бишкек юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышы Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы – Байысбек уулу Бекбийге жүктөлсүн.
4. Фрунзе айылдык аймагынын Фрунзе айылдык кеңеши токтомдо көрсөтүлгөн маалыматтардын, ошондой эле мамлекеттик кайра каттоо үчүн берилген документтерде камтылган маалыматтардын ишенимдүүлүгүн тастыктайт.
Төрага | Ш.Ш. Исмаилов |