Загрузка документа…
АК-ЖОЛ АЙЫЛ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол кеңешинин
II-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясынын
2025-жылдын 25-апрели №6/1
«Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө»
Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин II -чакырылышынын кезектеги IV сессиясынын күн тартибиндеги 6/1маселеси болгон Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу” наамын ыйгаруу жөнүндө Билим берүү,социалдык маданий жана саламаттыкты сактоо маселелери боюнча Ак-Жол айыл аймагынын айылдык кеңешинин туруктуу комитетинин мүчөсү Майрыкова Аиданын билдирүүсүн угуп жана талкуулап Ак-Жол айыл аймагынын айылдык Кеңешинин II чакырылышынын кезектеги IV сессиясы
токтом кылат:
1.Ак-Жол айыл аймагынын Ак-Жол айылынын тургуну Жуманалиева Дилдекан Жакыповнага жана Жаңы-Жол айылынын тургуну Умарова Суюндун келечек муундарын окутуп тарбиялоодогу жетишкен ийгиликтерин жана көп жылдык үзүрлүү эмгектерин баалоо менен Ак-Жол айыл аймагынын “ Ардактуу атуулу” наамы ыйгарылсын.
2. Бул токтомду расмий веб-сайтка жарыялоо жана Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү жагы Ак-Жол айылдык кеңештин жооптуу катчы К.Сатыбековго милдеттендирилсин
Төрага : Т. Султамуратов