Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-январы № 2
Айдаркен шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына 25% үстөк кошуп төлөп берүүнү бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы №266 жарлыгына ылайык, “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндөгү” Жарлыгынын 4-бөлүгүн жетекчиликке алып, “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Айдаркен шаардык кеңеши
Т О К Т О М К Ы Л А Т:
1. Айдаркен шаарындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын муниципалдык кызматчыларынын кызматтык маяналарына 25% үстөк төлөм кошуп төлөп берүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн тартып күчүнө киргизилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А.А.Алтымышова |