Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-январы № 3
Айдаркен шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган Өнөр жай зонасына трансформация болгон 5,04 га жер аянтынын ичинен Баткен электр тармактар ишканасына Айдаркен бөлүмүнө кеңсе, трансформаторлорду оңдоочу жана тейлөөчү цех жана автоунаа токтоочу жай курууга жалпы 0,12 га жер аянтын бөлүп берүүгө макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын 15-беренесин жетекчиликке алып, “Өнөр жай, курулуш, архитектура, жер, коммуналдык кызмат жана энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаардык мэриясынын муниципалдык менчигинде турган, шаардын батыш тарабындагы Өнөр жай зонасына трансформация болгон 5,04 га жер аянтынын ичинен Баткен электр тармактар ишканасына Айдаркен бөлүмүнө кеңсе, трансформаторлорду оңдоочу, тейлөөчү цех жана автоунаа токтоочу жай курууга жалпы 0,12 га жер аянтын бөлүп берүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А.А.Алтымышова |