Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-январы № 4
Айдаркен шаарынын Пушкин көчөсүн бошотуп, ачып берүү жана “Розмат Нийматов” атындагы Айдаркен милиция аймактык бөлүмчөсүнүн эскилиги жеткен имаратын бузуп, ордуна жаңы имарат салуу үчүн 0,20 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө макулдук берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Мүлккө муниципалдык менчик жөнүндөгү” Мыйзамынын 19-беренесин жетекчиликке алып, “Өнөр жай, курулуш, архитектура, жер, коммуналдык кызмат жана энергетика маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап чыгып, Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айдаркен шаарындагы “Розмат Нийматов” атындагы Айдаркен милиция аймактык бөлүмчөсүнүн эскилиги жеткен имаратын бузуп, ордуна жаңы имарат салуу үчүн 0,20 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Ички Иштер Министрлигинин балансына өткөрүп берүүгө мыйзам чегинде макулдук берилсин.
2. Айдаркен шаарынын Пушкин көчөсү толугу менен бошотулуп, калкка пайдаланууга жол ачылып берилсин.
3. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
4. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
5. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А.А.Алтымышова |