Загрузка документа…
АЙДАРКЕН ШААРДЫК КЕНЕШИ
ТОКТОМ
2026-жылдын 27-январы № 5
Айдаркен шаарынын “Кыргызстан көчөсүнө тротуар төшөө” долбооруна ѳздүк салым үчүн жергиликтүү бюджеттин эсебинен акча каражатын ажыратып берүү жѳнүндѳ
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү” мыйзамынын 34-беренесин жетекчиликке алып, “Бюджет, экономика, каржы жана фискалдык саясат маселелери” боюнча туруктуу комиссиясынын корутундусун угуп жана талкуулап, Айдаркен шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кадамжай райондук өнүктүрүү фондуна сунушталуучу “Айдаркен шаарынын Кыргызстан көчөсүнө тротуар төшөө” жалпы сметалык баасы 2 535 000 (эки миллион беш жүз отуз беш миң) сомдук долбооруна, өздүк салым үчүн 500 000 (беш жүз миң) сом акча каражаты жергиликтүү бюджеттин эсебинен мыйзамга ылайык ажыратылып берилсин.
2. Токтомдун аткарылышы жана кѳзѳмѳлдѳѳ жагы шаар мэри Б.Бегалиевге жүктөлсүн.
3. Токтом расмий жарыяланган күндөн баштап күчүнө киргизилсин.
4. Токтомду расмий жарыялоо жана Юстиция башкармалыгынан каттоодон өткөрүү жагы жооптуу катчы Г.Амирбековага милдеттендирилсин.
Төрага | А.А.Алтымышова |