Редакцияот 29.04.2023
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ФРУНЗЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

XXIX чакыруунун 24-кезексиз сессиясы

 

2023-жылдын 29-апрелиндеги № 17

 

Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысын бекитүү жөнүндө

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2021-жылдын 17-декабрындагы №309 токтомунун негизинде, ошондой эле Айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерин ижарага берүү шарттары жана тартиби тууралуу типтүү жобонун негизинде Фрунзе айылдык кеңеши,

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Үрөнчүлүк, асыл тукум чарбаларга, айыл чарба кооперативдерине жана айыл чарба субъекттерине айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жерлерине ижара акысы төмөндөгүгө ылайык бекилсин:

 

·         Сугат жердин 1 (бир) га – 14049 (он төрт миң кырк тогуз) сом;

·         Кайрак жердин 1 (бир) га – 2196 (эки миң бир жүз токсон алты) сом;

·         Көп жылдык бак дарактар ээлеген жерлердин 1 (бир) га – 7140 (жети миң бир жүз кырк) сом.

 

2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Фрунзе айыл өкмөтүнүн башчысы Б.Байысбек у.-га жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Ш.Ш. Исмаилов